2025-2026-жылдары коррупция толугу менен жоюлушу керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коррупционерлерге карата катаал мыйзамдар күчүнө кирди.

«2025-2026-жылдары коррупция толугу менен жоюлушу керек. Катаал мыйзамдар күчүнө кирди. Бардыгына, айрыкча мамлекеттик кызматкерлерге эскертем, кийин билбей калдым дебегиле. Учурунда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш башталганда көптөр күлүшкөн, бирок учурда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок экенин ишенимдүү айта алам. Коррупция дагы ошондой жок кылынат», — деди Ташиев.

Ал ошондой эле күч структуралары күнөөсүз адамдардын мойнуна кылмыш илип же атайын жасалган иштерге аралаштырбашы керектигин эскертип, алардын «мындай жыйынтыгынын» кереги жок экенин айтты.

Белгилей кетсек, 31-декабрда президент Садыр Жапаров коррупционерлердин жазасын катаалдаткан мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, коррупционерлер кызматка бара албайт жана сөзсүз абакта жазасын өтөйт.

Related posts

Мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрүлдү

admin

Министрлер кабинети жыйында 6 маселени карады

admin

Ошко бергенден калган Бишкектеги 42 троллейбус электробуска айланат

admin

Комментарий