22-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-сентябрга караган түнү Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй өрөөнүндө жаан катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12…+17,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +9…+14,

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +15…+17.

Related posts

«Сосновка» постунда жүк ташыган унаалар үчүн чектөө киргизилди

admin

ТИМ Кыргыз жарандарына Тажикстанга баруудан баш тартууну сунуштады 

admin

Эске салабыз! Келе жаткан аптада кыргызстандыктарды узак дем алыш күтүп жатат

admin

Комментарий