22-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көлдүн айрым жерлерине кар жаап, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарына туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -9…-14 суук, күндүз +3…+8 жылуу.
Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз +3…+8 жылуу.
Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түн ичинде 0…-5 градус, күндүз +6…+11.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13 гардус суук болот, күндүз +5…+7 градус жылуу болот.