АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ «КЫРГЫЗИНДУСТРИЯ» ААКнын ИШКАНАЛАРЫН КЫДЫРДЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасынын аймагында жайгашкан «Кыргызиндустрия» ААКнын ишканалары менен таанышып чыкты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасын «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун президенти Жарасул Абдураимов коштоп жүрдү.

Иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы «Кыргызтопчу» ЖЧКнын топчу чыгаруу учуру жана «Кыргызэлектроника» ЖЧК, «Кыргызбетонкурулуш» ишканалары жайгашкан No16 цехтин учурдагы абалы менен таанышты.

Соңунда Минкаб башчысы Экономика жана коммерция министрлигине келип, өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын жана «Кыргызиндустрия» ААК аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлорду талкуулоо үчүн бир катар жыйындарды өткөрдү.

Related posts

Индияда өткөн аскердик парад көпчүлүктү таң калдырды (видео)

admin

Темирлан Ормуков уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деп шектелип кармалды

admin

Корсаков: космостон көп эле жерди көрдүм, бирок Ысык-Көл жүрөккө жакын сезилет 

admin

Комментарий