24-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21… +26,

Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +16…+22,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз + 16…+21.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.

Related posts

Садыр Жапаровду Азербайжанда кандай тосуп алышты?

admin

Бакуда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маарекелик иш-чара өттү. Сүрөттөр

admin

“Телефонун алып койгонун айткан”. Жалал-Абадда окуучу кыз мектептин 2-кабатынан секирген

admin

Комментарий