24-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

24-июлда түнкүсүн өлкөнүн аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +23…+28, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Нарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +21…+23, күндүзгү жогорку температурасы +36…+38 градус болот.

Related posts

УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды

admin

ТИМ Кыргыз жарандарына Тажикстанга баруудан баш тартууну сунуштады 

admin

Иранда жардыруудан 103 адам каза болду

admin

Комментарий