УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды

Бүгүн 2022-жылдын 2-сентябрында Ысык-Көл областында бардык облустук башкармалыктардын жана  бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен КР УКМКнын төрагасынын кубогуна командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакияда башталды.
Быйылкы жылы коопсуздук органдарынын спорттук командалары волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана теннис спорт түрлөрү боюнча күч сынашат. 
Спартакияданын салтанаттуу ачылышында, УКМКнын төрагасынын орун басары полковник А.Разаев, спорттук иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын Төрагасы, генерал-лейтенант К.Ташиевдин атынан салам жолдоп, жыл сайын өтүүчү турнирдин ачылышы менен куттуктады.
Ошону менен бирге, «Кесиптик парызга берилгендиктин, чекистердин мыкты салттарын сактоодо жана өркүндөтүүдө, кайраттуулукту, чечкиндүүлүктү жана өжөрлүктү көрсөтүүнүн маанимлүүлүгүн белгиледи.
Командалардын биримдүүлүгү жана спорттук духу, жакшы жана достук мамилелерге негизделген калыс оюн, бүгүнкү турнирдин негизги принциптери болот деп ишенем. Сиздерге кызыктуу оюн, чыныгы атаандаштык, командалык дух, ийгилик, жеңиш  каалайм! - деп УКМКнын төрагасынын орун басары  өз сөзүн жыйынтыктады.

Related posts

Сот Дамира Ниязалиеваны добуш сатып алуу боюнча күнөөлүү деп тапты

admin

Мухамедали Умаров Куран жарышта мыкты 10 карынын бири болду

admin

Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт — 6-ноябрга карата аба ырайы.

admin

Комментарий