24-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

24-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +9…+14.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +18…+20 градус болот.

Related posts

Садыр Жапаров: Кыргыздар бөтөн жерге көз артпайбыз, бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз

admin

ЕАЭБде жүк ташууда электрондук коштомо колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

admin

УКМК Казакстандын жараны Камалутин Халиковго издөө жарыялады

admin

Комментарий