26-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-январда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы -1…-3, күндүз 0…-2 болот.

Related posts

Бишкекте экологияны бузган мончо, сауналарга 228 миң сом айыл салынды

admin

Мадумаров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди

admin

Ташиев: «2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун белин сындырдык. 2024-жылы аларды тыптыйпыл жок кылабыз»

admin

Комментарий