УКМК: Таластын вице-мэри менен шаардык кеңештин вице-спикери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Талас шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлерин коррупцияга шектүү деп кармады. Мындай билдирүүнү комитеттин маалымат кызматы таратты.

Алар Талас шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталууда.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. кармалган.

«Алар алдын ала сүйлөшүп, акчалай сыйлык үчүн муниципалдык жер тилкелерин айрым жеке ишкердик жүргүзгөн субъектилерге «ижара акысынын баасын төмөндөтүп, ишкерлерден белгилүү бир сый акы алып турушкан». Муну менен жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен жана түшкөн каражаттын бир бөлүгүн ыйгарып алышкан», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле жогорудагы коррупциялык схеманын натыйжасында 2020-2022-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандардын баш коргоо чарасы каралууда.

Related posts

АӨБ Кыргызстанга 50 млн доллар бөлөт

admin

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин көрсөтмөсүн аткаруу максатында үстүбүздөгү жылдын 11-июнунан тартып Улуттук коопсуздук органдары тарабынан «Нелегал-2025» атайын операциясы башталган.

admin

Сот Бектур Асановго чет жакта дарыланууга уруксат берди

admin

Комментарий