27-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +34…+37,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус ысык болот.

Related posts

Айгүл Жапарова балдардын рак оорусу менен күрөшүү боюнча семинарга катышты

admin

Садыр Жапаров «Мурас» салттуу мелдешине катышты

admin

Министрлик картошканын аянтын былтыркыдан көбөйтпөөнү сунуштайт

admin

Комментарий