Шакиев: “Улуттук банк тармакка жаңылыктарды киргизүүсү кажет”

 26-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна шайлады.

Жаңы жетекчини жаңыча көз карашта иштөөгө чакырган төрага Нурланбек Шакиев“Бүгүнкү заман башка, коюлган талаптар да башка. Ошондон улам Улуттук банк заман талабына жана жаңы чакырыктарга ылайык иш жүргүзүшү керек. Анын ичинен жаңы жетекчи өзү эле эмес, орун басарлары да жаңы көз караштагы, креативдүү ойлонгон адистерден болушу зарыл. Изденип иштеп, эски түшүнүктөрдөн арылуу менен жалпы банк системасына жаңылыктарды киргизүүсү кажет. Мына ошондо гана тармакта ийгиликтер болот”, – деди.

Буга чейин аталган кызмат ордун Кубанычбек Бөкөнтаев ээлеп келген.

Related posts

Ак-Сууда 6-класстын окуучусунун жансыз денеси табылды

admin

Бишкектеги көмүр сатуу түйүндөрүнүн даректери жана баасы

admin

ИИМ: Айтматов районунунда үрөй учурган үч адам өлтүрүү катталды

admin

Комментарий