28-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

 28-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +29…+34,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+25, күндүз +30…+33 градус болот.

Булак: Сереп

Related posts

Баткендеги «Халмион» базарынан өрт чыкты

admin

Бишкекте КМШ Кеңешинин жыйынына катышуучу мамлекет башчыларын тосуп алуу аземи болду

admin

Өрт чыккан Кербендеги ооруканадан алты ымыркай облустук бейтапканага которулду

admin

Комментарий