Бишкекте КМШ Кеңешинин жыйынына катышуучу мамлекет башчыларын тосуп алуу аземи болду

Бүгүн, 13-октябрда, Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кеңешинин жыйынына катышуучу өлкө башчыларын тосуп алуу аземи болду.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев келди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы конгресс-холлдон тосуп алды.

Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары КМШ Кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышуу үчүн залга киришти.

Related posts

8 балалуу эне: «Жолдошум «мени сенин туугандарың каматты» деп таарынып, Орусияга кетип калды»

admin

КР УКМК: “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

admin

Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет 

admin

Комментарий