28-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-сентябрь түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде ала булут каптап, жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.

Related posts

Бишкекте балдардын арасында дем алуу органдарынын патологиясы көбөйүүдө 

admin

Камчыбек Ташиев футбол боюнча жаштар курамасын Азия кубогуна чыгышы менен куттуктады

admin

Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду 

admin

Комментарий