29-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт.

Күңдүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +1…+3 жылуу, күндүзгү жогорку температурасы +8…+10 жылуу болушу күтүлөт.

Related posts

Ошто сел сууларын агызууга арналган жерлер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен

admin

Бишкекте наристесин таштандыга таштаган келин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

admin

78 жаштагы Евгений Петросян үчүнчү жолу ата болду

admin

Комментарий