3 Кыргыз жараны Израилден чыгарып кетүүнү суранып ТИМге кайрылды

10-октябрь саат 20:00 карата маалымат боюнча Израилдин аймагында кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Элчилик Израилде жашаган Кыргыз жарандарынын тизмесин түзүүдө (учурда тизмеде 65 жаран). Кыргызстандын бардык жарандарына алардын абалын жана Израилдин аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жана каалоосу бар же жок экенин аныктоо үчүн телефон чалуу жүргүзүлүүдө.

Колдо болгон маалыматтарга ылайык, үч Кыргыз жараны Израилден чыгып кетүү ниетин билдирип, учурда аларды өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иликтенип жатат.

Зарыл болгон учурда, кошумча ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү): +90 5456896800 (элчиликтин номери), +972 533214916 (Кыргыз Республикасынын Израилдеги Ардактуу консулу).

Related posts

УКМК: Жалал-Абад облусунда жасалма документтерди саткан канал аныкталды

admin

Ош шаарындагы бала бакчада тартылган видео интернетке тарап… Анын директору кармалды

admin

Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет Азия чемпиону болду

admin

Комментарий