3 округ боюнча 63 миң 842 адам добуш берди

 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Шайлоочулардын тизмедеги саны — 311 миң 363 адам. Добуш берүү убактысы саат 20:00дө аяктады.

Ноокат округу боюнча 25 миң 611 адам (28,13 пайыз) добуш берди. 

Ысык-Көл округу боюнча 21 миң 807 адам (22,4 пайыз) добуш берди.  

Свердлов округу боюнча 16 миң 424 адам (13,36 пайыз) добуш берди. 

Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты.

Related posts

Ысык-Көл облусунда коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча жыйын өткөрүлдү

admin

УКМК: Мамлекеттик дарыкананын 455 чарчы метр имараты жана 0,15 сотых жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Кыргызстанда кант кызылчасын жыйноо 98,3% аяктады

admin

Комментарий