Бишкекте өгөй кызын уурдап, өлтүрүүгө шектүү кармалды

Бишкекте өгөй кызын өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

30-октябрь күнү Биринчи Май РИИБге Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, анын жолдошу БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаасы менен 2007-жылы туулган кызын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты Биринчи май РИИБге катталып, тийиштүү издөө иш чаралары жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, 1972-жылы туулган шектүү башка автоунаа менен Ысык-Көл облусунда жүргөнү аныкталып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Ал эми шектүү тарабынан өлтүрүлгөн 2007-жылы туулган өгөй кызынын жансыз денеси Чүй облусунун аймагынан табылган.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122 (Адам өлтүрүү) жана 165 (Адамды уурдоо) беренелерине ылайык кылмыш иштери козголгон. Тергөө иштери улантылууда.

Related posts

Казакстанда элиталык сойкуларга барган делгендердин тизмеси тарады. ИИМ териштирүү жүргүзүп жатат

admin

КР УКМК: КР Президентинин жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн алдамчы жаран кармалды

admin

Кыргызстандын бийлиги баалуу металлдарды тышка ташууга чектөө киргизди

admin

Комментарий