«300 доллардан 3 миң долларга чейин». «Элиталык» сойкулардын «ээлери» кармалды

Интимдик кызмат көрсөткөн интернет-топтордун уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

27-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Whatsapp мессенджеринде 8ге жакын группа — “Туса”, “Luxury”, “Голодные игры”, “Красотки”, “Top Girls”, “Болталка”, “Онли/KG”, ошондой эле Telegram мессенджеринде 2 группа – “Models 312”, “Голодные игры” бар экени аныкталды, алардын курамына 18 жаштан 25 жашка чейинки 200гө жакын модель кыздар кирип, акчалай сыйлык үчүн интимдик кызмат көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда, бир сааттык интимдик кызматтын баасы 300-3000 долларга чейин өзгөрүп турат, ага Instagram жана TikTok социалдык тармактарында популярдуу болгон жаш кыздар жана сулуулук сынагынын катышуучулары тартылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен аталган группалардын бардык катышуучулары такталып, кардарларды түздөн-түз издеп, жолугушуу жайларын сүйлөшүп жүргөн администраторлору жана менеджерлери 2002-жылы туулган С.С.Б. жана 1997-жылы туулган Т.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Related posts

Нарында 30 жаштагы эки жаран мушташып, бири ооруканада каза болду. Шектүү кармалды

admin

Чоң Чүй каналынын жээгинен 23 жаштагы кызга таандык жеке буюмдары табылды

admin

ТИМ Кыргыз жарандарына Тажикстанга баруудан баш тартууну сунуштады 

admin

Комментарий