УКМК: «Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өттү

 КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан, мурда “Рыбачы эт комбинаты” болуп саналган, аянты 10,7 га болгон «Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсынын 100% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун менчигине өткөрүлдү.
   Тактап айтканда, УКМК 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейинки мезгилде У.С.И. «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун башкармасынын төрагасы болуп туруп, айрым кызмат адамдарынын жардамы менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен аталган өнөр жай объектисин жана жер участогун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен мамлекеттик баланстан чыгарылгандыгын аныктады.

Related posts

Бүгүн троллейбустар саат 11:00гө чейин каттамга чыгышпайт

admin

7-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Эртең кыргыз-өзбек чек арасындагы «Ак-Кыя-автожол» өткөрүү жайы 4 саат иштебейт

admin

Комментарий