«5 тонна алтынды сатып». Балбак Түлөбаев монорельс курууну дагы сунуштады

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Балбак Түлөбаев шаарга монорельс курууну кайра көтөрдү. Ал өкмөткө 5 тонна алтынды сатып, Бишкекке монорельс курууну сунуштады.

«Жыл сайын 4-5 миллиарддан мэрияга акча берип жатасыңар. Мен мэр болуп турганда ушул акчаны берсеңер гана. 1-2 мектепти араң салчубуз. Азыр 15 мектеп салып берип жатасыңар. Азыркы мэр жыргады. Монорельсти айтсам, мени шылдыңдап, колун көрсөттү дедиңер. 17-19 чакырымга бир монорельс куруп койсок, көп болсо 180 миллион доллар болот экен. Маселе чечилмек. Логикалык жактан ойлонсоңор, алган автобусуңар деле ошого барып атпайбы. 5 автобус токтосо, жол чырактан аялдамага чейин тыгын жаралат”, — деди ал.

Related posts

Тимур Саралаев: “Буга чейин аскердик техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык”

admin

Депутат Эрулан Кокулов медиктерден кечирим сурады

admin

Кыргызстандыктар 1-январдан 8-январга чейин эс алышат

admin

Комментарий