50 миң сомго чейин салык карызы бар кыргызстандыктар эми өлкөдөн чыга бере алышат

 50 миң сомго чейин салык боюнча карызы барлар эми өлкөдөн чектөөсүз чыга алышат. Мындай чечимди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов демилгелегенин мекемеден кабарлашты.

Анын айтымында, бул салык төлөөчүлөргө карата ийкемдүү жана сый мамилени көрсөтөт.

«1000-2000 сом карызы бар жарандар сыртка чыгууда көйгөйлөргө туш болгон учурлар көп. Дарылануусу, окуусу, иш сапарлары үзгүлтүккө учурайт. Чыгыш үчүн жарандар бюрократиялык жол-жоболордон өтүшү керек болчу: салык карызын төлөө, маалым кат алуу, андан кийин сот аткаруучуларга кайрылуу. Мунун баары жок дегенде 2-3 күнгө созулат. Мындан улам чек арадан өтүүдө 50 миң сомго чейинки карызды текшербөөнү сунуштап жатабыз. Андан жогору суммаларды сөзсүз текшерүү керек. Ал эми азыраак карызы барлар шашылыш же маанилүү жагдайлар болгон учурда тынч учуп барып келиши керек», — деген Шыкмаматов.

Жаңы демилге боюнча, эгерде текшерүү учурунда жарандын карызы бар болсо, ал аны ошол жерден QR-коддун жардамы менен төлөп, ашыкча түйшүк тартпай сапарын уланта алары белгиленген. Демилге жакында ишке ашырылары кошумчаланды.

Related posts

Аймактарда жаан жаайт. Кыргызстанда 10 -августка карата күтүлгөн аба ырайы

mediaportalk

«30 жашында мечит курган». Арстан Алайдын кызы атасын эскерди

mediaportalk

Мээрим Ибрагимова Чүй облусундагы эң мыкты тарбиячы деп табылды. Сүрөт

mediaportalk

Комментарий