616 чарчы метр жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекеттин балансына кайтарылды

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген ишканаларды кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында мамлекеттин балансына Ош облусу, Араван району, Араван айылы, Ленин көчөсү 10 дарегинде жайгашкан, аянты 616 чарчы метр жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекеттин балансына кайтарылды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2011-жылдын 18-майында Мамлекеттик мүлк фонду менен «Юлдуз» муниципалдык ишканасынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы №421 токтомун бузуу менен (Социалдык инфраструктура объектилери менчиктештирүүгө жатпайт) сатып алуу-сатуу келишими мыйзамсыз түзүлгөндүгү аныкталып, ага ылайык тиричилик үйү жеке колго сатылып кеткен.

Related posts

Ташиев Абхазия жана Армениядан алынып келген автоунаа ээлери менен жолугушту.

admin

Ноокенде наристе кызды сабап, видеого тарткан ата кармалды

admin

Шакиев Түркмөнстанга расмий сапар менен барды

admin

Комментарий