«650 миңди жашырам деп, 100 миң сом сураган». Кара-Сууда салыкчы кармалды

Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын дарегине Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагына 9 унааны ташып келүүдө пайда болгон болжолдуу 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча ишкер кайрылган. Аталган факты боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, акчаны Ош облусунун Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы талап кылгандыгы аныкталган.

27-апрелде УКМК кызматкерлери тарабынан 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен  Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Стамбулдагы турнир: Мунарбек Сейитбек уулу чемпион аталды

admin

УКМК жасалма виза даярдоо каналын токтотту

admin

Дубайды суу каптады: аба каттамдары токтотулуп, тургундардан үйдөн чыкпоону суранышты

admin

Комментарий