7-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

7-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарында, ал эми Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +24…+29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27 градус ысыйт.

Бишкекте мезгил-мезгил менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27…+29 градус болот.

Related posts

19-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

УКМК азыркы болуп жаткан иштер тууралуу коомчулукка кайрылуу жолдоду

admin

Жаратылышка өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы менен «Долпран» алтын кенинин башкы директору кармалды

admin

Комментарий