7-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Ага ылайык, эртең өлкө аймагында жаан жаабайт, айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5… +10, Талас жергесинде +7… +9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +7… +12 градус, Ысык-Көлдө +3… +8, Нарын облусунда +2… +7 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +7… +9 градусту түзөт.

Related posts

Коомдун өзөгүн иштермандар кармап турат! Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

mediaportalk

Чаткалда кар көчкү алдында калган алты киши изделүүдө

mediaportalk

Жасалма диплом. Шаардык сот Фархат Исмаиловду мандаттан ажыратууну мыйзамдуу деп тапты

mediaportalk

Комментарий