77тен 115 миң сомго дейре… Мугалимдер эмгек өргүүсүн алышууда

Мугалимдер эмгек өргүүсүн 1-июндан тарта ала башташты. Мугалимдердин жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.

2024-жылдын июнь айынын эмгек өргүүлөрү жана эмгек акылары жалпы билим берүү мектептеринин эсептөө счетторуна 2024-жылдын 11-июнунда которулган. Бишкек шаарында кыргыз тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 102 миң сомду түзүп, колуна 82 миң сом алды. Ош шаарында физика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алды. Аламүдүн районунда орус тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 143 миң сомду түзүп, колуна 115 миң сом алды. Ат-Башы районунда мугалимдин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 94 миң сомду түзүп, колуна 77 миң сом алды. Москва районунда математика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 104 миң сомду түзүп, колуна 84 миң сом алды.

Related posts

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардам сурап кайрылган муктаж үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

admin

Алтынай Нарбаева бийликке кайрылып, үч эм төрөгөн коңшусунун социалдык абалына көңүл бурду

admin

Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөөдө эч кандай көйгөй жок

admin

Комментарий