8-мартты иш күн кылып, Курман айтты үч күн белгилөө. Депутаттын сунушуна кандай карайсыз?

 3-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитети жаңы Эмгек кодексинин долбоорун жактырды. Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь мындан ары жумуш күн болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Жалолидин Нурбаев 8-мартты да иш күн кылууну, ал эми Курман айтты үч күн катары менен белгилөөнү сунуштады.

«Кыргызстандын калкынын 90 пайызы мусулман болгондуктан, Курман айт үч күн белгиленип жаткандан кийин ага үч күн беришибиз керек. Бул эми сунуш», — деди депутат.

Related posts

УКМК: Шопоков шаарынын мэри коррупция боюнча кармалды

admin

Жапаров Казакстанга барып, Лукашенко Кыргызстанга келет 

admin

КР УКМК: Жалал-Абад шаарында «Айка Мусаева» аталган белгилүү блогер кармалды

admin

Комментарий