9-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-ноябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +6…+11;

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +4…+9, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;

​Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +8…+10 градус болот.

Related posts

Жалал-Абад шаарында кыздарды сойкулукка тарткан жаран кармалды

admin

Акыйкатчыysy ишмердүүлүгүнө нааразы адамдар саны арбыды

admin

Жапаров Казакстанга барып, Лукашенко Кыргызстанга келет 

admin

Комментарий