24-27-мартта өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн 

24-марттан 27-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап  өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кар көчкү Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда жана Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымындагы Сөөк ашуусунда, 60-94 чакырымындагы Кара-Гөө ашуусунда түшүшү мүмкүн. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Related posts

Орус тили боюнча тест тапшырбаган мигранттардын балдары Орусияда мектепке кабыл алынбайт

admin

Таксиге түшүп, «ыдык көрсөттү» деп «концерт койгон» аялга кандай жаза берилди?

admin

Ташкентте катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Жабыркагандар бар

admin

Комментарий