24-27-мартта өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн 

24-марттан 27-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап  өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кар көчкү Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда жана Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымындагы Сөөк ашуусунда, 60-94 чакырымындагы Кара-Гөө ашуусунда түшүшү мүмкүн. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Related posts

Орус тили боюнча тест тапшырбаган мигранттардын балдары Орусияда мектепке кабыл алынбайт

admin

КР УКМК: Жерге жайгаштыруу тармагындагы коррупциялык иштер боюнча токой чарбасынын мурдагы директору жана Нарын кадастрынын кызматкери кармалды

admin

Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөйт

admin

Комментарий