Майда бензин 1,5-2 сомго кымбатташы болжолдонууда 

Нефтетрейдерлер ассоциациясы баанын жогорулашына үч себепти атады.

Үстүбүздөгү жыдын май айында бензин 1,5-2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка караганда, Россиянын рыногунда мунай азыгынын бензин тобуна болгон дүң баа жыл башынан бери 35 пайызга жогорулаган.

Кымбаттоого төмөнкү жагдайлар себеп болуп жатканы белгиленди:

ОПЕК+ мамлекеттери май айынан тарта мунайды өндүрүүнү суткасына 1,6 миллион баррелге кыскартуу чечимин кабыл алган;

Батыш мамлекеттеринин Россия мунайынын баасына чектөө койгондуктан сырьёну казып алуу кескин кыскарды. Анын кесепетинен мунай азыктарын өндүрүү азайып, бензиндин баасы өсүүдө;

Жаз айларында Россиянын мунайды кайра иштеткен заводдору пландык профилактикалык оңдоо иштерин баштагандыктан рынокто мунай азыгы азая түшөт.

Ал эми дизель майына болгон баа жыл башынан бери эле жогорку деңгээлде сакталып турат. Буга Россия майды Кытай, Индия, Монголия сыяктуу өлкөлөргө дагы экспорттоп жатканы себеп.

Related posts

27-мартка карата аба ырайы

admin

КР УКМК: Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү

admin

Жаан жаабайт. 27-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий