Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат

Кытай лидери Си Цзиньпин Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттерин 16-20-майда мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Кытай ТИМи өзүнүн сайтында билдирген.

Ведомство 18-19-майда Сианда Си Цзиньпиндин жетекчилиги менен «Кытай — Борбордук Азия» саммити өтөрүн кабарлады.

Жогоруда саналган мамлекеттердин башчыларынан сырткары иш-чарага Түркмөнстандын президентинин катышуусу да күтүлүп жатат.

Буга чейин Садыр Жапаровдун май айында мамлекеттик сапар менен Кытайга барары айтылган. Бул тууралуу Кытайдын, Кыргызстандын ТИМ жетекчилери Жээнбек Кулубаев менен Цинь Гандын жолугушуусунда белгилүү болгон.

Булак: Sputnik.kg

Related posts

17-февралдан тартып өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

admin

Таластан Баткендеги чек арага кызмат кылууга барган кыргыз кызы

admin

Бакай-Ата конушунда канализация тутуму курулат

admin

Комментарий