Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда эки өлкөнүн өкмөт башчылары жылдын экинчи жарымында өткөрүү пландалган эки тараптуу иш-чаралар боюнча пикир алмашты.

«Атап айтканда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий иш сапары, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги 11-жыйыны, Кыргыз-казак аймактар аралык форумунун биринчи отуруму сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Көпкө сөз болчудай! Азиядагы эң бай адамдын уулунун үйлөнүү тою өттү (видео)

admin

«Социал-демократтар» Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранышты

admin

Жогорку Кеңешке Токторбаевдин ордуна Пархат Тулендыбаев депутат болуп келди

admin

Комментарий