Кытайда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» т/ж куруу боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытайдын Сиань шаарында «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу меморундумга кол койду.

Меморандумга Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Өзбекстандын Транспорт министрлигинин ортосунда кол коюлду. Кол коюлган документ «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун курууну ишке ашырууну тездетет.

Долбоор аймактар ​​аралык байланыштарды чыңдоого, транспорттук каттамдарды диверсификациялоо боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарын аткарууга жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Related posts

Өзгөндө сел жүрүп, Кара-Шорого барган 100 эс алуучу эвакуацияланды

admin

7-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Садыр Жапаров Талас облусуна жумуш сапары менен барат

admin

Комментарий