ЖКККБнын Ош, Бишкек жана Нарындагы жетекчилери ротацияланды

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облус жана шаарлардагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери алмашты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

ЖКККББнын кызматтарын чыңдоо максатында ротация жүргүзүлгөнү белгиленди. Жаңы дайындалган жетекчилерге, жол кырсыктарын алдын алуу, санын кыскартуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоо тапшырмалары берилди.

Дайындалган жетекчилер:

Абдукеримов Альберт Маматбекович — Ош шаардык Кайгуул милициясынын башчылыгынан бошотулуп, Талас ЖКККБнын жетекчиси кызматына;

Чалыбаев Мирлан Райымбекович — ЖКККББнын финансы-чарбалык башкармалыгынын жетекчилигинен бошотулуп, Нарын ЖКККБнын жетекчиси кызматына;

Жумагулов Айбек Рыскулович — Бишкек Кайгуул милициянын башчысынын орун басарлыгынан кетип, Ош шаардык Кайгуул милициясынын жетекчиси кызматына;

Жангабылов Бактыбек Кемелович — Нарын ЖКККБнын башчылыгынан бошотулуп, ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүнүн жетекчиси кызматына;

Кошматов Асылбек Абдыганиевич — ЖКККББнын кадрлар бөлүмүнүн кесиптик даярдык жана өздүк курамы менен иштөө тобунун улук тескөөчүлүгүнөн бошотулуп, финансы-чарбалык башкармалыгынын жетекчиси кызматына;

Исаков Алмазбек Карыпович — Талас ЖКККБнын башчысы кызматынан кетип, укук коргоо органдарынан бошотулду.

Related posts

Баткенде 5 баллга жеткен жер титирөө катталды 

admin

Жапаров: Кыргызстан сууну майнаптуу пайдалануу боюнча маселеге өзгөчө маани берет

admin

Көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйланды

admin

Комментарий