Кыргызстанга Катардын эмири келди

Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 6-июнда мамлекеттик сапар менен алгачкы жолу Кыргызстанга келди. «Манас» аэропортунда жогорку даражалуу конокту Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди. Аэропортто көчмөн элдин өзгөчөлүгүн көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй шекилинде инсталляция орнотулду. Улуттук кийимчен эркектер бүркүтчү жана тайганчынын катышуусунда салттуу маданияттын элементтерин көрсөтүштү. Бул маалда ансамблдин артисттери кыргыздын улуттук бийлерин аткарып турушту. Катардын эмирин аэровокзалдын имаратынын алдында аттары менен 10 чабандес жигиттер жана «Алптар» баатырлары тосуп алышты.

Садыр Жапаров жана Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү. Катардын эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун жашырган жок.

Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери эртең, 7-июнда тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Related posts

Мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрүлдү

admin

29 жылдан бери дүйнө чемпионатынан медаль алып келген балбандардын тизмеси

admin

КР УКМК: Премиум-класстагы турак жай комплексиндеги батирлер мамлекетке алынды

admin

Комментарий