Бишкекте дайынсыз болуп, изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү табылды

Мурас-Ордо конушунда изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү саат 15:57де ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан конуштагы арыктан табылып, баланын жакындарына жана ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Кечээ, 14-январь күнү Бишкектин Мурас-Ордо конушунда 2018-жылы туулган А.А. аттуу бала дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө бүгүн жалпы 17 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да тартылган.

Маалыматка ылайык, 5 жаштагы Алихан аутизм оорусу менен жабыркап келген.

Related posts

Орусияда ажырашкандарга 100 миң рубль айып салуу сунушталды

admin

Камчыбек Ташиев да туунун өзгөртүлүшүн колдой турганын айтты

admin

Курманкул Зулушев Көк бөрү ассоциациясынын президенти болуп шайланды

admin

Комментарий