Ажылык – 2023: Оштон зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага сапар тартты

Бүгүн «Ош» эл аралык аэропортунда 2023-жылдагы ажылык амалдарын аткаруу үчүн өлкөнүн түштүк аймагындагы болочок ажылардын алгачкы тобу ыйык Медина шаарына учуп кетти.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ажыларды узатууга муфтийдин биринчи орун басары, ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасы Самидин Атабаев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратов, ажылык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Самидин Мамаев, ошондой эле Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушов баштаган казыят аппараты катышты.

Белгилей кетсек, 12-июнда башталган ажылык сапарынын алкагында Бишкектен 1 миң 846 ажы Медина шаарына учуп кеткен. Ал эми бүгүн Оштон төрт ажы башчынын коштоосунда 168 ажы абага көтүрүлдү.

Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түзөт.

Related posts

Түндөгү жер титирөөдөн имаратта жарака кетсе кимге кайрылуу керек? Номур

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 80 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Жамалбек Ырсалиев: Күнүнө 3-4 миң сом таап атам деп мактанган айдоочулар бар экен

admin

Комментарий