Абактагылар ачкачылык жарыялаганы кабарланды. ЖАКтын жообу

Кыргызстанда абактарда массалык ачарчылык жарыяланган жок — Жаза аткаруу кызматы

Бишкек, 23-декабрь — Кыргызстандагы абактарда массалык ачарчылык жарыялангандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

Мекеме билдиргендей, бул маалымат фейк болуп, Жаза аткаруу кызматынын бардык мекемелери штаттык режимде иш алып барууда.

Бир катар ЖМКлар Чыңгыз Кожошевдин жетекчи болгонуна каршы чыгып, түрмөдөгүлөр ачкачылык жарыялаганын жазып чыгышкан. Мындан тышкары, жума күнү №1 тергөө абагында бет капчан адамдар камактагыларды сабап жатышканы тууралуу маалымат тараган. Бирок ЖАК бул маалыматты төгүндөп, мекемеде тыюу салынган буюмдарды аныктоо максатында тинтүү жүрүп жатканын билдиришти.

Жаза аткаруу кызматы мындай жалган маалыматтар коомчулукка жат болгондуктан, аларды жайылтууга каршы чара көрүлөөрүн белгиледи.

Related posts

Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт 

admin

24-майдан тарта өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөйт

admin

Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагимдин сүйлөшүүлөрү болуп өттү

admin

Комментарий