Арча-Бешик жаңы конушунун абоненттеринин ичүүчү сууга төлөмү кайра эсептелди

«Бишкексууканал» башкармалыгы Арча-Бешик жаңы конушунун абоненттерине суунун жетишсиздигинен улам таза суу жана саркынды суулар үчүн кайра эсептөө жүргүздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 7066 абонент 2023-жылдын май айына кайра эсептөө менен квитанция алышкан.

Жалпы саны 258 миң 845 абонентти түзөт. Анын ичинен 2,7% абонент кайра эсептелген.

Ар бир айдын 1-күнүнөн 10-күнүнө чейин «Бишкексууканал» абоненттерге муздак суу берүү жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча квитанцияларды жеткирип турат.

Квитанцияда абоненттин төмөнкү маалыматы чагылдырылат:
— муздак сууну керектөө нормасы;
— дебитордук карыз;
— жашоочулардын саны;
— муздак сууга тариф;
— саркынды суу үчүн тариф.

Related posts

УКМК: «Сапар Исаковго брондолгон унаа белек кылган Рамонов кармалды»

admin

Кулубаев: Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 3,2 млрд. долларды түздү

admin

Эл артисти Талгарбек Жакшылыков көз жумду

admin

Комментарий