Сириядагы согушка катышып келген Оштун тургунунан ок-дарылар табылды 

Эл аралык террористтик уюмдун тарапташы ок-дарыларды мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун тургуну 1994-жылы туулган жаран кармалган. Кармалган жаран 2017-жылы Түркия аркылуу Сирияга эл аралык террористтик уюмдун тарапташы катары куралдуу жаңжалга катышуу үчүн кеткен.

«Бирок ал Түркияга кайра кирген жеринен кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. Кыргызстандан ал Кылмыш-жаза кодексинин 226,375-беренелери боюнча соттолуп, эркинен ажыратылган. 2021-жылы жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана РГД-5, 2 даана кол гранатасынын бириктирилген түзүлүшү (УЗРГМ), 29 даана 5.45 калибрдеги ок, 1 даана аскер кийими, күрөк, 2 даана бычак, 1 даана уюлдук телефон, флешка, 2 даана диск табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы ок-дарылар-күжүрмөн ок-дарылар болуп эсептелет. 

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 
Кармалган жаран Ош шаарындагы абакка киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

«Ак Ордо», «Кут Ордо»… Садыр Жапаров жаңы Ак Үйгө аталыш керек болуп жатканын айтты

admin

Оштогу депутаттар мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү демилгелешти

admin

Баткенде дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселеси парламентте көтөрүлдү

admin

Комментарий