Африкада Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылат

 Африкада Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, элчилик Эфиопияда уюштурулуп, имараты Аддис-Абебе шаарында жайгашмакчы.

Дипломатиялык өкүлчүлүк Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында түзүлүүдө.

Президент минкабга элчиликтин ишин уюштуруп, финансы маселесин чечүүнү жана ТИМдин штатын төрт кишиге көбөйтүүнү тапшырган.

Related posts

Нургүл Каимова: Инвесторлордун колдоосу менен мигранттар үчүн бизнес долбоорун баштайбыз 

admin

Ырчы Алмаз Шаадаев ата статусуна ээ болот

admin

Минобразования сделало заявление в связи с гибелью учеников в последнее время 

admin

Комментарий