Жалал-Абад менен Ошто жер титиреди

Кечээ, 30-июль күнү саат 16:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Сузак районунун Аркыт айылында жана Кызыл-Көл айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ошондой эле 30-июль күнү саат 17:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Калжа районунун Сары-Булак айылында жана Көл тилкесинде 3 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Булак:Сереп

Related posts

Милиция улакчынын өлүмү боюнча териштирүү ишин баштады

admin

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин эми Равшан Сабиров жетектейт

admin

Баткенде аскер кызматкерлерине курулган үй колдонууга берилди

admin

Комментарий