Милиция улакчынын өлүмү боюнча териштирүү ишин баштады

Бишкектин четиндеги турнирде улакчынын каза болушу боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБ билдирди.

Милиция кырсык бүгүн саат 10:00дө «Бөрүлү» менен «Бүркүт» командаларынын беттеши учурунда болгонун тастыктады.

«Оюн башталгандан 10-15 мүнөт өткөн соң «Бөрүлүнүн» улакчысын аргымак коюп кеткен. Анын кесепетинен 45 жаштагы С.М. эс-учун жоготуп аттан кулаган. Оюн дароо токтотулуп, Тез жардам кызматы чакыртылган. Тилекке каршы, жаракат алган спортчу ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөн. Факт каттоого алынып, териштирүү иши башталды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Нооруз кубогунун алкагында өткөн беттеште улакчылар кагышып, бир адам каза болгону кабарланган.

Related posts

Өзгөндүн борбордук базарынан өрт чыкты

admin

КР УКМК: Ысык-Көл облусунда К.Асанбекке тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

admin

22-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий