Бишкекте энесин сабап жаткан киши жардамга барган милиционерди кошо токмоктоду

 Бишкектин Урицкий көчөсүндө 7-сентябрда милиция кызматкерине кол салуу болду. Бул факт бейбашчылык беренеси менен катталып, Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1978-жылы туулган С.Н. шектелип кармалган.

Тергөө учурунда такталган маалыматтар боюнча, өзүнө бөлүнгөн аймакта иштеп жүргөн аймактык милиция кызматкери аял кишинин кыйкырып жаткан үнүн уккан. Жардамга барганда ал жаранды мас абалдагы уулу сабап жатканын билген. Мас жаран милиция кызматкеринин талабына баш ийбей, ага дагы бир нече жолу кол көтөргөн. Дарыгерлерге кайрылган милиция кызматкери учурда жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Республикада жаан-чачын болбойт — 5-февралга карата аба ырайы

admin

Кыргызстандан Казакстанга Пакистандын жарандарын мыйзамсыз өткөрүп жүргөндөр кармалды

admin

Депутат Самыйкожо: «Окуучуларга сабак учурунда телефон колдонуусуна тыюу салынышы туура»

admin

Комментарий