Статком: Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саат

Улуттук статистика комитети энергетикалык ишканалар 2022-жылы 13,9 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүргөнүн, бул 2021-жылга салыштырмалуу 8,3% аз экенин билдирди. Былтыр Кыргызстан 16,1 млрд кВт/саат электр жарыгын керектеп, 550,0 млн кВт/саат электр энергиясын сыртка экспорттоду.

Статистика комитети өткөн жылы электр жарыгынын жалпы жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саат болгонун, анын 95,2% техникалык жоготууларга туура келерин кошумчалады.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 жана Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 86% жакынын өндүрөт.

Энергетика министрлиги быйыл кышында үйлөрдү электр жарыгы менен жылытууга тыюу салынарын билдирди. Мекеме муну “Токтогул” гидроэлектр станциясында (ГЭС) суу өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 2 млрд куб метр аз топтолгону менен байланыштырууда.

Ушундан улам Кыргызстан күз-кыш мезгилинде Орусия менен Түркмөнстандан 3,4 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алат.

Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Related posts

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун атаандаштарын жерге чаап жаткан видеосун бөлүштү

admin

Бишкек шаарынын аянты кеңейтилсе, жаңы райондор түзүлбөйт

admin

Бишкек шаарынын ЖЭБи ысык суу берүүгө даяр

admin

Комментарий