АКШ Владимир Путин менен Ким Чен Ынга санкция тууралуу эскертти

Кошмо Штаттары Орусия жана Түндүк Кореянын лидерлери Владимир Путин менен Ким Чен Ын курал-жарак тууралуу макулдашса аларга каршы жаңы санкция салууга даяр экенин эскертти. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер дүйшөмбүдө журналисттерге билдирди.

«Түндүк Кореядан Орусияга курал жөнөтүү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин көптөгөн резолюциясын бузуу болорун эки өлкөнүн тең эсине салам. Биз албетте Орусиянын согушун каржылаган адамдарга каршы санкцияларды колдонгонбуз жана биз колдонууну улантабыз, ошондой эле зарыл болгон учурда эч токтоосуз жаңы санкцияларды салууга даярбыз».

АКШ Москва Пхеньяндан ириде артиллериялык ок-дары алгысы келет деп эсептейт. Расмий Москва курал тууралуу маалыматты ырастай элек.

Ал эми Кимди Орусиянын спутниктери жана суу алдында жүрүүчү атомдук кемелердин жаңы технологиялары кызыктырат. Бул өлкө ошондой эле азык-түлүккө муктаж.

Мунун алдында Кремль Ким Чен Ын Путиндин чакыруусу менен жакынкы күндөрү Орусияга келерин ырастаган. Ага чейин бир катар басылмалар Ким чопкутталган поездде Владивостокко жөнөгөнүн жазган.

Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган бул эки мамлекет Орусия Украинага толук согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери байланышын бекемдөө аракет кылып жатат.

Ким Чен Ын менен Владимир Путин соңку ирет 2019-жылы Владивостокто жолугушкан.

Related posts

Кыргызстанда издөөдө жүргөн эки жаран Испания менен Россиядан кармалды 

admin

УКМК Эркинбек Маканбаевдин мезгилсиз каза болгонуна терең кайрыгуу менен көңүл айтат

admin

Кыргызстан менен Кытай соцкамсыздандыруу жаатында жаңы макулдашууга жетишти

admin

Комментарий