УКМК: Каттоо органынын мурдагы кызматкери Т.А.К. коррупциялык кылмыш жасоого шектелип кармалды

2025-жылдын 27-августунда КР УКМК тарабынан, Ысык-Көл району Чок-Тал айылында жайгашкан аянты 4,5 гектар болгон жер тилкесине жеке менчик укугун мыйзамсыз таануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» МИнин мурдагы бөлүм башчысы Т.А.К. кармалды.
Тергөө маалыматына ылайык, Т.А.К. «Демал» айыл чарба кооперативин түзүүнүн демилгечилеринин бири болуп, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан жер тилкесине жеке менчик укугун мыйзамсыз каттоону уюштурууга активдүү катышкан.
Аталган Т.А.К. бул аракеттерди кызыкдар кызмат адамдарынын колдоосу менен, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу аркылуу ишке ашырган, бул коррупциялык мүнөзгө ээ.
Мындан улам, 2025-жылдын 27-августунда Т.А.К. убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын катышуусунда зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Related posts

23-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

mediaportalk

Садыр Жапаров Санкт-Петербургга барды

mediaportalk

Даниел Ажиев 9 жылга эркинен ажыратылды

mediaportalk

Комментарий